Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
2018-жылдын 25-апрели № 5
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагы тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарын баалоо жол-жоболордун аткарылышын, ошондой эле жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин программалардын ишке ашыруусуна биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү максатында жана айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Омурзаковдун сунушун талкуулап, Кеңеш айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезектүү XI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун жобосу бекитилсин. Тиркеме тиркелет.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн БМ ж БТ курамы бекитилсин.
1. БМ жана БТ төрагасы Сагинов Аширбай
2. БМ жана БТ төрагасынын орун басары Саяков Эркин
3. Катчысы: Маматов Жанчибай
4. Мүчөсү: Койчиева Зулайка
5. Мүчөсү : Жалалов Койлюбай
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук атыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |