Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
2018-жылдын 25-апрели №6
Убактылуу комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июнундагы №101 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 17 беренесинин I-пунктунун негизинде Кеңеш айыл аймагынын 1-Май айылындагы №52 генерал К.Бакиев атындагы орто мектебинин директору К.Ражапованын жазган билдирүүсүнө негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезектүү ХI - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын 1-Май айылындагы №52 генерал К.Бакиев атындагы орто мектебинде бүгүнкү күндөгү жазган арызы боюнча иш аткарылып бүтпөй жаткандыгына байланыштуу Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарынын VII - чакырылышынын кезектүү ХI - сессиясында сунуштаган 5 депутаттан турган курамда убактылуу комиссия түзүлсүн.
1.Алымкулов Р – убактылуу комиссиянын төрагасы. Айылдык кеңештин депутаты
Мүчөлөрү:
2.Каипов И – айылдык кеңештин депутаты
3.Канполотов Ш – айылдык кеңештин депутаты
4.Тиленбаев Т – айылдык кеңештин депутаты
5.Саяков Э – айылдык кеңештин депутаты
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук атыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы убактылуу комиссиянын төрагасы Р.Алымкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |