Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 4
Муниципалдык менчиктеги обьектилердин реестрин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын жергиеликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлккө муниципалдык менчик объектилеринин реестрине ээ болуу жөнүндө 9-беренесине ылайык Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчикте турган объектилердин реестри бекитилсин.
2. Муниципалдык менчикте турган объектилердин реестрин тактоо Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |