Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII - чакырылышынын кезектүү ХII - сессиясы
2018-жылдын 20-июну № 5
Кеңеш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектүү VI-сессиясынын 10.05.2017-жылдагы №8 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагындагы мал жаюдан сырткары жайыт жерлерге өзгөртүү киргизүү менен жергиликтүү бюджетти көтөрүү максатында Кенеш айылдык кенешинин VII - чакырылышынын кезектүү XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагындагы мал жаюдан сырткары жайыт жерлерин ижарага пайдаланууга ижара акысына 1 (бир) гектарына 1300 (бир миң үч жүз) сом деп белгиленсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |