Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII - чакырылышынын кезектүү ХII - сессиясы
2018-жылдын 20-июну № 6
Суубашы айылынан жогору айыл-чарбасына жараксыз 7,0 га жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагындагы Суубашы айылынан жогору айыл-чарбасына жараксыз 7,0 га жер аянтын ижарага берүү жөнүндө Кенеш айылдык кенешинин VII- чакырылышынын кезектүү XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Суубашы айылында “Кара Үнкүр” суусунун агымына чектеш жайгашкан 7,0 га жер аянтын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык ижарага берүү айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |