Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII - чакырылышынын кезектүү ХII - сессиясы
2018-жылдын 20-июну № 7
Аук, Шыдыр, Коткор, 1-Май айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн АРИСтин ортосундагы макулдашуу жөнүндө
Кеңеш айыл аймагындагы Аук, Шыдыр, Коткор, 1-Май айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн АРИСтин ортосундагы макулдашуусу жөнүндө Кенеш айылдык кенешинин VII- чакырылышынын кезектүү XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагындагы Аук, Шыдыр, Коткор, 1-Май айылдарына ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн АРИСтин ортосундагы макулдашуусу бекитилсин.(тиркелет).
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |