Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII - чакырылышынын кезектүү ХII - сессиясы
2018-жылдын 20-июну №9
Кенгоо айылына мүрзөгө жер аянтын Ажыратып берүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Кенгоо айылынын элинин кайрылуусунун негизинде мүрзөгө жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө Кенеш айылдык кенешинин VII- чакырылышынын кезектүү XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Кенгоо айылынын “Анделек мазар” дын түштүк тарабынан орун алган, 0,42 га жер аянты муниципалдык менчиктин рээстрине киргизилип мазар үчүн пайдаланууга ажыратып берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык жерлерди берүү тартиби менен айыл өкмөткө макулдук берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |