Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII - чакырылышынын кезектүү ХII - сессиясы
2018-жылдын 20-июну №11
Коткор айылынын жашоочуларынын протоколуна негиз Саяков Адандын ысымын көчөгө коюу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Коткор айылынын жашоочуларынын протоколуна жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана башка социалдык маселелер жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Тандоо айылынын тургундарынын 07.05.2018-жылдагы жыйналышынын протоколуна негиз аталган айылда жайгашкан Кокоев Таалайдын үйүнөн Жаркулов Нияздын үйүнө чейинки көчөнүн атын Ооган ардагери Саяков Адандын ысымы берилсин.
2. Аталган көчөнү Саяков Адан деп аталышын жаздырып, катар үй номурун койдуруу, көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчөнүн тазалыгын, архитектуралык план боюнча сакталышын ишке ашыруу жагы Саяков Адандын тууган уругуна милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |