Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII - чакырылышынын кезектүү V- сессиясы
2018-жылдын 09-августу № 1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Кызыл-Октябрь айылына кичи ГЭС куруу жөнүндө
Кеңеш айыл аймагындагы Кызыл-Октябрь айылынан 0,30 сотых жер аянтын кичи ГЭС курууга ижарага “ДАТТ Энерджи” ОсОО кайрылган катына негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезексиз V- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы кичи ГЭСтин ордун 0,30 сотых жер аянтын кичи ГЭС курууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |