Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII - чакырылышынын кезексиз V – сессиясы
2018-жылдын 09-августу № 5
Кеңеш айыл аймагынын Базар-Коргон – Көкчөгөз, Саипов көчөлөрүнө жол белги коюу жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Көчөгөз көкчөсүндөгү жаңы курулган жолго жол белгелерин коюу максатында айыл өкмөттүн кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезексиз V - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагынын Көкчөгөз, Саипов көчөлөрүндөгү жаңы курулган жолго жол белгилерин коюу жагы тийиштүү мекеме ишканаларга сунуштоо жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |