Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII - чакырылышынын кезексиз V – сессиясы
2018-жылдын 09-августу № 6
Көкчөгөз көчөсүнүн жашоочуларынын арызына негиз Ниязалиев Байгазынын ысымын көпүрөгө коюу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Көкчөгөз көчөсүнүн жашоочуларынын арызына негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезексиз V - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көкчөгөз көчөсүнүн айыл тургундарынын кайрылган арызына негиз жаңы курулган көпүрөгө Ооган ардагери, Баткен коогалаңынын катышуучусу, ЖалалАбад областынын “Спецназ” отрядынын жетекчиси милициянын полковниги Ниязалиев Байгазынын ысымы берилсин.
2. Аталган көпүрөнү Ниязалиев Байгазы деп аталышын жаздырып койдуруу, көпүрөнүн тазалыгын, архитектуралык план боюнча сакталышын ишке ашыруу жагы Ниязалиев Байгазынын тууган уругуна милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Мамажановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Омурзаков |