Редакцияот 24.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII - чакырылышынын кезексиз VI – сессиясы

2018-жылдын 24-августу № 2

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары өзүнүн ыктыяры менен кызмат ордунан бошоо үчүн берген кайрылуусунун негизинде Кеңеш айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезексиз VI- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Аттокуров Канболот Джапарович дайындалсын.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Аттокуровко милдеттендирилсин.

 

Төрага

И.Каипов