Редакцияот 24.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII - чакырылышынын кезексиз V – сессиясы

2018-жылдын 09-августу № 3

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын Республиканын алкагында өтүүчү “Көчмөндөр жаңырыгы” сынактары жөнүндө

Кеңеш айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезексиз VI - сессиясы Ысык-Көл областынын Кырчын жайлоосунда өткөрүлүп жаткан III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын Республиканын алкагында өтүүчү “Көчмөндөр жаңырыгы” сынактарына катышуу үчүн Кеңеш айыл аймагынан атайын делегаттарды элдин протоколунун негизинде тигилүүчү боз үйдүн жасалгалары менен алып барып келүү үчүн

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кеңеш айыл өкмөтүнөн Ысык-Көл областынын Кырчын жайлоосунда өткөрүлүп жаткан III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын Республиканын алкагында өтүүчү “Көчмөндөр жаңырыгы” сынактарына Кенеш айыл аймагынан атайын делегаттар болуп айылдан келген протоколдо көрсөтүлгөн делегаттар барып келүүсүнө шарт түзүлсүн.

2. Кырчын жайлоосунда өткөрүлүүчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна айыл өкмөттүн тийиштүү адистери менен айылдан делегаттар барып келүү үчүн керектелүүчү акча каражаты менен камсыздоо Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысына жана башкы бухгалтерине сунушталсын.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Аттокуровко милдеттендирилсин.

 

Төрага

И.Каипов