Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII - чакырылышынын кезексиз V – сессиясы
2018-жылдын 24-августу № 4
Кеңеш айыл аймагынын Көкчөгөз айылы менен Базар-Коргон айылын кошуп турган көпүрө жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Көкчөгөз менен Базар-Коргон айылын кошуп турган көпүрөсү боюнча Базар-Коргон райондук администрациясынын башчысы акимдин 23.08.2018-ж. №01-10/1043 кайрылуусуна негиз 2018-2019-жылдын окуу процесси башталгандыктан көпүрөнүн адам өтүүчү бөлүгү жана толук кагаз иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилгенге чейин авто унаа каттамы кооптуу болгондуктан Кеңеш айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезексиз VI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагынын Көкчөгөз айылы менен Базар-Коргон айылын кошуп турган көпүрөсү жөө жүргүнчүлөргө өтүүгө өтө кооптуу болгондуктан авто унаа каттамы бир тараптуу болуп катталсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Аттокуровко милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |