Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII - чакырылышынын кезексиз VII – сессиясы
2018-жылдын 26-сентябры №1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Шыдыр Коткор айылдарында таза суу менен камсыздоо
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Шыдыр, Коткор айылдарында таза суу менен камсыздоо үчүн Хельветас уюму аркылуу жүргүзүлүп жаткан “Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору боюнча жамааттык салымды чечүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Шыдыр, Коткор айылдарында таза суу менен камсыздоо үчүн “Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбооруна жамааттык салым катары жергиликтүү бюджеттен 85000 (сексен беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын мыйзамдуу бөлүп берүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Ж. Апсаматовага милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |