Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII - чакырылышынын кезексиз VII – сессиясы
2018-жылдын 26-сентябры №2
Кеңеш айыл өкмөтүндөгү мектеп бала бакчаларды күз кышка даярдык көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2018-жылдын 11-июнундагы №100 токтомун аткаруу максатында 2018-2019-жылдарга карата кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн Кеңеш айыл өкмөтүндөгү он төрт мектеп, алты бала бакчанын от казандарын жана электр шаймандарын карап чыгып кызмат көрсөтүү үчүн жалданма электр кызматкерине эмгек акы кароо боюнча
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл өкмөтүндөгү он төрт мектеп, алты бала бакчанын от казандарын жана электр шаймандарын карап чыгып кызмат көрсөтүү үчүн жалданма электр кызматкерине 26381 (жыйырма алты миң үч жүз сексен бир) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Каралган акча каражатын мыйзамдуу тактап берүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Ж.Апсаматовага милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |