Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII - чакырылышынын кезексиз V – сессиясы
2018-жылдын 26-сентябры № 5
Кенеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Апсаматованын жана Кеңеш айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык Кеңешинин кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кеңеш айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Апсаматованын 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин 70111 разделдин 2215 статьясынан 123,5 мин сом, 70629 разделдин 3111 статьясынан 110,0 сомду, 70921 разделден отун-көмүргө деген 2224 статьясынан 109.0 миң сом, негизги мектеп 70921 разделден 2224 статьясынан 49.5 миң сомду кыскартып,70921 разделдин 2221 статьясына 19.0 миң сом, 70911 разделдин 2221 статьясына 58.0 миң сом, 70111 разделдин 3111 статьясына 85.0 миң сом, ,70911 разделдин 3111 статьясына 200.0 миң сом, 70111 разделдин 2721 статьясына 30.0 миң сом жергиликтүү бюджеттен коюлсун.
2. Атайын каражаттан «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунан каржылануучу гранттык каражаттардан 70111 разделдин 2215 статьясынан 50,0 мин сом, 3112 статьясынан 81,0 миң сом кыскартылып, атайын каражаттын 70111 разделдин 3111 статьясына планга коюлсун.
3. Ушул токтомго ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү Кеңеш айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Апсаматовага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | И.Каипов |