Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-сенябры № 4
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлу N 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын” 28-беренесин жетекчилике алып жана Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын күн тартибиндеги “Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө” маселесин карап жана талкуулап, Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык кеңешинин орун басарынын өз каалосу менен жазган арызы канааттандырылсын .
2. Тиленбаев Туралы Абдыкадырович Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп бекитилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы И.Каиповго милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |