Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-сентябры № 6
“Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кеңеш айылдык кеңешинин айылдык депутаттарын Ардактуу атуул наамын берүү боюнча депутаттардын сунушуна жана чогулушунун протоколуна негиз эл депутаттарынын Кеңеш айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз VII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагында бир топ жыл жашап, үзүрлүү эмгектенип Кеңеш айыл аймагынын жана өз айылынын калкына көрсөткөн көп жылдык ак эмгегин баалап Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттары
1.Алыкулова А
2. Касымова З
3. Нурбаева Г
4. Шабданов Ш
5. Божуев А
6. Иманкулов П
7. Мамажанов У
2. Кеңеш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” деген ардактуу наам ыйгарылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы И.Каиповго милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |