Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-сентябры № 7
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жана Бюджет жана экономика инвестиция тартуу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жана Бюджет жана экономика инвестиция тартуу, туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезексиз VII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. (ПСУП) Жайытты жамааттык башкаруу планы беиктилсин.
2. Кош-Короо, Катраңкы, Сассык участкалардагы мал суу ичүү үчүн капташ АРИС менен бирдикте куруу долбоору бекитилсин.
3. Гөлөгөн участкасында мал өтүүчү көпүрө куруу долбоору бекитилсин.
4. Кызыл-Октябрь, Совет, Аук, Коткор айылдарында вет сервис куруу долбоору бекитилсин.
5. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин АРИСтин өздүк салымы, жайыт комитетинин өздүк салымы 587742 сом, өкмөт тарабынан 162258 сом, жалпысы 750 000 (жети жүз элүү миң) сом каржыланып берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |