Редакцияот 28.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 28-декабры № 7

Көчөгө ат коюу жөнүндө

Кеңеш айыл аймагынын Моголкоргон айыл тургундарынын элдик жыйындын протоколуна жана айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана башка социалдык-маданий маселелер, жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комитеттин корутундусуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезектүү XIII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Моголкоргон айылынын Могол көчөсү Могол деп ал эми Коргон көчөсү Коргон деген ысымы боюнча калтырылсын.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевке милдеттендирилсин.

 

Төрага

И.Каипов