Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры № 8
Сейитказы айыл тургуну Мырзалиев Маматураимдин ысымын көчөгө коюу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Сейитказы айылынын жашоочуларынын элдик жыйындын протоколуна жана айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана башка социалдык-маданий маселелер, жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комитеттин корутундусуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезектүү XIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сейитказы айылынын тургуну согуш ардагери Мырзалиев Маматураимдин ысымы №47 Б.Саипов мектебинен баштап, Сыдыев Азимжандын үйүнө чейинки көчөгө берилсин.
2. Аталган көчөнү Мырзалиев Маматураим деп аталышын жаздырып, катар үй номурун койдуруу, көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчөнүн тазалыгын, архитектуралык план боюнча сакталышын ишке ашыруу жагы Мырзалиев Маматураимдин балдарына, тууган уругуна милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Төрага | И.Каипов |