Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2019-жылдын 06-февралы № 2
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Кара-Алма айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими” бекитилсин.
2. КР Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2008 – жылдын 24 – ноябрындагы № 192 буйругунун 2 – формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы, айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып, күчүнө кирет.
Төрага | К. Сооронбаев |