Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2019-жылдын 06-февралы № 3
“Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарын, бюджеттик жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кара-Алма айылдык Кеңешинин эсептөө комиссиясынын № 1 протоколундагы жыйынтыктарды эске алуу менен жана тармактык комитеттердин курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө депутаттардын сунушун угуп, талкуулап VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-февралындагы 3 сессиясындагы айылдык кеңешинин төрагасын, тармактык комитттерин бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Кара-Алма айылдык Кеңешинде 2019-жылдын 6-февралында түзүлгөн айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 1 протоколунун жыйынтыгы менен Эрмеков Асанбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышындагы депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелсин.
3. Кара-Алма айылдык Кеңешинин Бюджет жана Экономика комитетинин төрагасы К.Назанов, орун басары А.Арзыбаев, мүчөсү Д.Козукеев.
4. Социалдык укук жана Этика комитетинин төрагасы К.Борбугулов, орун басары М.Боронбаев, мүчөсү Ж. Мусурманов.
5. Токой чарба жана жер комитетинин төрагасы М.Орозалиев, орун басары А.Калмурзаев, мүчөсү А.Маматовдор дайындалды деп эсептелсин.
6. Токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып, күчүнө кирет.
Төрага | К. Сооронбаев |