Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2019-жылдын 06-февралы № 4
“Сузак районунун жана Кара-Алма айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу наамын сунуштоо жөнүндө”
Кара-Алма айыл өкмөтүнүнө караштуу көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келишкен атуулдарга “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө айылдык Кеңештин депутаттары А.Маматов, М.Боронбаев, Ж.Мусурмановдордун жана айыл өкмөтүнүн сунуштарын угуп жана талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сузак районунун “Ардактуу атуулу” наамына
Маматов Абдуманап
Назанов Аширбек
2. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына
Мадамбеков Кудайберди
Исабеков Ашимбек
3. Кара-Алма айылдык Кеңешине сунушталып көрсөтүлгөн “Ардактуу атуул” наамын берүү жагы Сузак районунун депутаттарынын кошмо жыйынынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Алма айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып, күчүнө кирет.
Төрага | К. Сооронбаев |