Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2019-жылдын 06-февралы №5
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн аймагындагы Орток токой чарбасынын Күчүгөн токой бөлүмүн Чодоев Урбай атындагы токой бөлүмү деп атоо жөнүндө
Кара-Алма айыл өкмөтүнүнө караштуу Орток токой чарбасынын Күчүгөн токой бөлүмүн “Чодоев Урбай атындагы токой бөлүмү” кылып өзгөртүү жөнүндө Кара-Алма айылдык Кеңештин депутаттары А.Эрмеков, А.Арзыбаевдердин сунуштарын угуп жана талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сузак районунун Кара-Алма айыл аймагындагы Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Орток токой чарбасынын Күчүгөн токой бөлүмү “Чодоев Урбай атындагы токой бөлүмү” болуп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен Орток токой чарбасынын Күчүгөн токой бөлүмүнө Чодоев Урбайдын атын берүү суралсын.
3. Орток токой чарбасы жогорудагы эки пункттун аткарылуусу боюнча иш чараларды жүргүзсүн.
4. Бул токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып, күчүнө кирет.
Төрага | К. Сооронбаев |