Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2019-жылдын 20-марты №1
"Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 1725 чарчы метр жерге кичи футбол аянтчасын курууга уруксат берүү жана курулушуна жергиликтүү салым катары акча каражатын бекитүү жөнүндө”
Кара-Алма айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын депутаттарынын № 2 сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 1725 чарчы метр жерге кичи футбол аянтчасын курууга уруксат берилсин жана муниципалдык менчикке бекитилсин.
2. Юридикалык иш кагаздарын даярдоого жана “Жалал-Абад областынын өнүктүрүү фондунан” Кара-Алма айылына кичи футбол аянтчасын курууга суралып жаткан 6527,4 миң сомго жергиликтүү салым катары 200,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык Кеңештин жер жана токой, социалдык маселелери боюнча туруктуу комитеттерине жүктөлсүн.
4. Токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Сооронбаев |