Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2019-жылдын 20-марты №2
Көчөгө ат коюу жөнүндө
Кара-Алма айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын 2 сессиясында күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн Орозок айылындагы аты жок көчөсү, Э.Акматовдун үйүнөн У.Нукеевдин үйүнө чейин С.Акматов көчөсү болуп аталсын.
2. Орток айылынын аты жок көчөлөрү, К.Батыровдун үйүнөн С.Бекназаровдун үйүнө чейин Р.Эрмеков көчөсү, Б.Кулбековдун үйүнөн З.Калмурзаевдин үйүнө чейин Ак-Терек көчөсү, Р.Акматовдун үйүнөн А.Маткеримовдун үйүнө чейин Аю-Чапкан көчөсү, К.Мамашеровдун үйүнөн Э.Эсенкановдун үйүнө чейин Орток көчөсү жана Замирбек уулу Алмаздын үйүнөн Т.Султанбаеванын үйүнө чейин Майда-Терек көчөсү деп аталсын.
3. Урумбаш айылындагы аты жок көчөсү Э.Исабековдун жер тилкесинен М.Жусупованын жер тилкесине чейин Алмурут көчөсү болуп аталсын.
4. Кара-Алма айылындагы С.Акматов көчөсүнө катар сан коюу жагы Ж.Акматовго жүктөлсүн, ал эми жогорудагы Орток айылындагы көчөлөргө катар сан коюу жагы айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджет эсебинен каржыланып коюлсун.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык Кеңештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комитеттерине жүктөлсүн.
6. Токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Сооронбаев |