Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2019-жылдын 10-апрели №1
Кара-Алма айылына 11 жылдык мектептин курулушун куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Алма айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын III сессиясы күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айылынына 225 орундуу орто мектеп куруу үчүн 0,80 га жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынан 225 орундуу мектептин курулушуна АПШсын жасап берүү жагы суралсын.
3. Райондук кыймылсыз мүлктү жерге жайгаштыруу башкармалыгынан 225 орундуу орто мектеп куруу үчүн 0,80 га жер участогуна мамлекеттик акты берүүсү суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы И.Алимовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып, күчүнө кирет.
Төрага | К. Сооронбаев |