Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясы
2019-жылдын 21-майы № 18/3
Кербен шаарынын мэриясына лизингке «ХОВО» автомашинасын сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясы 23.04.2019-жылдагы № 3-34/275 сандуу кайрылуусунда Кербен шаарынын көчөлөрүн, жолдорун калыбына келтирүүдө, муниципалдык обьектилерди кышка даярдоодо көмүр, отун материалдарын ташып келүүдө мэрияга кыйынчылыктар болуп жаткандыгын билдирген жана Кербен шаарынын муниципалдык менчигине 6 (алты) жылдык мөөнөт менен «Айыл банк» ААКсынан лизинге 41000,0 АКШ долларына «ХОВО» үлгүсүндөгү автомашинасын кредитке алуу, ошондой эле алдын ала төлөнүүчү 1100,0 миӊ сом өздүк салымы үчүн 2019-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралган чыгымдардын эсебинен жүргүзүүгө макулдук берүү боюнча өтүнүч келтирген жана бул маселе Кербен шаардык Кеӊешинин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясында каралып, 26.04.2019-ж. № 59 токтому кабыл алынган.
“КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин биринчи пунктуна негиз, жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кербен шаарынын мэриясына «Айыл Банк» ААКсынан 6 (алты) жылдык мөөнөт менен 41,0 (кырк бир) миӊ АКШ доллар баасында 1 (бир) даана «ХОВО» үлгүсүндөгү автомашинасын муниципалдык менчикке лизинг шарты менен кредитке алууга макулдук берилсин.
2.Кербен шаарынын мэриясына алдын ала төлөм үчүн керектелүүчү 1100,0 миӊ сом 2019-жылдын бюджетинин чыгашасында каралган № 3111 «Имараттар жана курулуш» беренесиндеги каражаттан чыгымдоого уруксат берилсин жана шаардын бюджетине өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча сунушун берсин.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |