Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясы
2019-жылдын 21-майы № 18/7
Кербен шаарынын тургуну ардагер мугалим Бибик Нина Генадьевнага «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 20-майындагы № 34 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛА Т
1. Кербен шаарынын ардагер мугалими Бибик Нина Генадьевнага «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |