Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясы
2019-жылдын 21-майы № 18/8
Аксы райондук сотуна имарат куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Аксы райондук сотуна имарат куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Кербен шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 13-майындагы
№ 3-34/327 кайрылуусун жана шаардык Кеӊештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 20-майындагы № 11 токтомун «КР ЖӨБ органдары жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин биринчи пунктуна негиз, карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. КР Жогорку Сотуна караштуу сот департаментинин Жалал-Абад областтык башкармалыгына Аксы райондук соту үчүн имарат курууга Кербен шаарынын МДС конушунан 2000,0 м2 жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер аянтында кошумча түрдө автотоктоочу жайлар каралсын.
3. Кербен шаарынын мэриясына, бардык керектелүүчү укуктук документтер КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүү жагы тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы суу ресурстары, муниципалдык мүлк жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ы.Сарыевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |