Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-майы № 1
Сузак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 6 айында жергиликтуу бюджетинин кирешелерине жана чыгашаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Сузак айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин 2019-жылынын 6 айында кирешелердин жана чыгашалардын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Карабаеванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Сузак айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109 - 115- беренелеринин негизинде жергиликтуу бюджеттин чыгашаларын аткаруу процессинде айыл өкмөтүнүн чыгаша милдеттемелерди аткарууга байланышкан муктаждыктарын канааттандыруу максатында 2019- жылга бекитилген каражаттар төмөндөгү тартипте кайра бөлүштүрүлсүн:
- Айылдык кенештин 2019-жылдын 04-февралындагы XIII –сессиясынын 11-тиркемесинде 70629 коммуналдык чарба болумунун 3111-беренесине долбоорлорду колдоого айыл өкмөтүнүн салымын үчүн бекитилген 1000,0 мин сом азайтылып, айыл өкмөтүнө караштуу борбордук көчөлөрдү ондоп түзөө жумуштары үчүн 2221-беренесине 260,0 мин сом, Жайыт комитетине Арис программасы аркылуу алынып жаткан техникага айыл өкмөтүнүн салымын кошуу үчүн 3112-беренесине 140,0 мин сом жылдырылсын.
-.70911 билим берүү бөлүмүндөгү “Росинка” балдар бакчасына “Өнүктүрүү фонду тарабынан” долбоор ишке ашырылып жаткандыктан жабдууларды алууга, айыл өкмөтүнүн салымын кошуу учун 3112-беренесине 600,0 мин сом жылдырылсын.
2. 70921 орто мектептердин блим берүү бөлүмүнүн “Мектептин айлана чөйрөсүн темир тосмо менен тосуу” долбоору ишке ашпай калгандыктан 3111-беренесине бекитилген 829,1 мин сом азайтылып, “С.Акбаров” атындагы орто мектебине кошумча 10 бөлмөлүү имарат куруу долбоорун ишке ашыруу жумуштарына 2215-беренеси 238,0 мин сом, Мерсико программасы тарабынан “ысык тамак менен камсыз кылуу долбоору ишке ашырылгандыктан ашканалардын ремонт иштери учун 2221-беренесине 485,1 мин сом жылдырылсын.
-. 70921 толук эмес орто мектептер билим берүү бөлүмүнүн “А.Сабитов толук эмес орто мекбеинин айлана чөйрөсүн темир тосмосун бүтүрүү” жумуштарына 3111-беренесине 90,0 мин сом, “Техникалык көзөмөлдөн өткөрүү жумуштарын бүтүрүүгө” 2215-беренесине 16,0 мин сом жылдырылсын.
3. Айыл өкмөтүндө кээ бир жумуштарды II-кварталда аткаруу муктаждыктары келип чыккандыгын эске алып 70629 коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3112-беренесинин II-кварталынан 350,0 мин сом азайтылып, 350,0 мин сомго III-кварталга жылдырылсын жана бюджеттин баланстуулугун сактоо үчүн ушул эле бөлүмдүн 2221-беренесинин II-кварталынын планы 350,0 мин сомго көбөйтүлүп, III-кварталы 350,0 мин сомго азайтылсын;
4. Айыл окмотунун жергиликтуу бюджетинин чыгашаларынын планына өзгөртүүлөрдү киргизүү КР ФМ Сузак башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сариевге жана ФЭБ башчысы М. Карабаевага жүктөлсүн.
Төрага | Хакимов Ж. |