Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги XIV-сессиясы
2019-жылдын 27-майы № 2
Маршуруттук таксилерди иретке келтирүү жөнүндө
Сузак айылынын Сузак райондук борбордук ооруканага өтүүчү жолдо ошол жердеги маршуруттук таксилер туш келди турушуп адамдардын жүрүүсүнө,жол кыймылынын өтүүсүнө тосколдукттар жаратып,ынгайсыз абалга алып келүүдө. Элдердин арыз талаптарын аткаруу максатында ЖӨБ КРнын мыйзамындагы 4-гл. Жергиликтүү Кенештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздерин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сузак айылынын Сузак аймактык ооруканага өтүүчү жолдун боюнда туруучу Жийде,Арал,Достук жана Кара-Дарьяга катоочу маршуруттук таксилер ошол жердеги мурдагы эски банянын атайын бош болгон жеринен жылдырылсын.
2. Токтомду аткаруу Сузак айыл өкмөтүнө жана Сузак Райондук Ички Иштер башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага | Хакимов Ж. |