Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы № 15/1
«Барпы айыл өкмөтунун башчысы: А. Сыргабаевдин 2019-жылдын 1-кварталына карата социалдык-экономикалык багытта аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө”
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХV сессиясынын күн тартибиндеги
Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы: А. Сыргабаевдин 2019-жылдын
1-кварталына карата социалдык- экономикалык багытта аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ,
1. Барпы айыл өкмөтүнун башчысы: А. Сыргабаевдин 2019- жылдын
1-кварталында социалдык- экономикалык багытта аткарган иштери боюнча маалыматы эске алынсын. Айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин:
1/1.Бюджеттеги максаттуу бөлүнгөн каражаттарды сарамжалдуу пайдаланып, обьектилерди өз мөөнөтүндө бүткөрүү.
1/2. Обьектилерди проектиде көрсөтүлгөндөй сапаттуу бүткөртүп, убактылуу комиссия менен кабыл алуу.
1/3. Бюджетти көбөйтүү боюнча тынымсыз иш алып баруу.
1/4. Салыктардын туура толук түшүрүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүү.
1/5. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын ишин санарипке өтөрүү боюнча иш-чара түзүү, ишке ашыруу.
1/6. Сессияда айтылган сын пикирлер боюнча иш-чара түзүү, аткаруу.
1/7. Аппарат кызматкерлеринин эмгек тартибине болгон жоопкерчилигин күчөтүү, чыгармачылык менен иштөөгө багыттоо.
1/8. Көрктөндүрүү боюнча жарыяланган 3 айлыктын жыйынтыгын чыгаруу.
1/9. Барпы Алыкуловдун 135 жылдыгын айыл өкмөттүн деңгээлинде өткөрүү боюнча иш-чара түзүү.
1/10 Т.Темирбаев атындагы мектеп-гимназиясынын директору: Ж.Шамшиева кызмат абалынан аша чаап кеткендигине байланыштуу кызмат абалын кароо Сузак райондук элге билим берүү бөлүмүнө сунуш кылынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы: А. Сыргабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндө баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов. У. А. |