Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2019-жылдын 21-майы № 15/3
Комсомол айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХV сессиясынын күн тартибиндеги Комсомол айылынын тургундарынын жаңы көчөгө ат коюу боюнча жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Барпы айыл аймагындагы Комсомол айылындагы Р. Кожобаев көчөсүнун ортолугундагы мазарга кетүүчү жолдон насоско чейинки аралыктагы көчөгө эмгектин ардагери: Боронов Миталиптин ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Комсомол айылындагы Р. Кожобаев көчөсүнүн ортосундагы мазарга кетүүчү жол менен кесилишкен жерден насоско чейинки аралыктагы көчө эмгектин ардагери: Боронов Миталип көчөсү деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов. У. А. |