Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2019-жылдын 21-майы № 15/6
Комсомол айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХV сессиясынын күн тартибиндеги Комсомол айылынын тургундарынын жаңы көчөгө ат коюу боюнча жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Барпы айыл аймагындагы Комсомол айылынын Насос жаңы конушундагы үчүнчү көчөгө эмгектин ардагери: Сабирханов Исраил Ажынын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Комсомол айылынын Насос жаңы конушундагы үчүнчү көчө эмгектин ардагери: Сабирханов Исраил Ажы көчөсү деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов. У. А. |