Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2019-жылдын 21-майы № 15/7
Комсомол айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХV сессиясынын күн тартибиндеги Комсомол айылынын тургундарынын жаңы көчөгө ат коюу боюнча жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Барпы айыл аймагындагы Комсомол айылынын Иминжан-Ажы көчөсүндөгү Сыдыков Алмаздын үйүнөн баштап Абдыкулов Уланбектин үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө эмгектин ардагери: Муратов Молдалинин ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Комсомол айылынын Иминжан-Ажы көчөсүндөгү Сыдыков Алмаздын үйүнөн баштап Абдыкулов Уланбектин үйүнө чейинки көчө эмгектин ардагери: Муратов Молдали көчөсү деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов. У. А. |