Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2019-жылдын 21-майы № 15/8
Боз-Чычкан айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХV сессиясынын күн тартибиндеги Боз-Чычкан айылынын тургундарынын жаңы көчөгө ат коюу боюнча жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Барпы айыл аймагындагы Боз-Чычкан айылындагы каналдын жогору жагындагы жайгашкан мечиттен баштап адырды бойлоп кеткен бош турган көчөгө эмгектин ардагери: Молдалиев Мамыттын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Боз-Чычкан айылындагы каналдын жогору жагындагы жайгашкан мечиттен баштап, адырды бойлоп кеткен бош турган көчө эмгектин ардагери: Молдалиев Мамыт көчөсү деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов. У. А. |