Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2019-жылдын 21-майы № 15/8
Төөлөс айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХV сессиясынын күн тартибиндеги Төөлөс айылынын тургундарынын жаңы көчөгө ат коюу боюнча жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Барпы айыл аймагы Төөлөс айылындагы мечиттин жанындагы Сыдыков Амангелдинин үйүнөн Момунов Максаттын үйүнө чейинки бош турган көчөгө эмгектин ардагери: Сыдыков Абдилланин ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Төөлөс айылындагы мечиттин жанындагы Сыдыков Амангелдинин үйүнөн Момунов Максаттын үйүнө чейинки бош турган көчө эмгектин ардагери: Сыдыков Абдилла көчөсү деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов. У. А. |