Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2019-жылдын 21-майы № 15/10
Чөкө-Дөбө айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХV сессиясынын күн тартибиндеги Чөкө-Дөбө айылынын тургундарынын жаңы көчөгө ат коюу боюнча жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Барпы айыл аймагы Чөкө-Дөбө айылындагы Аттокур Азимканов көчөсүнөн киргенде Рахманов Хайтбайдын үйүнөн Тургунбаев Шерзаттын үйүнө чейинки бош турган көчөгө эмгектин ардагери: Матисаков Жумабайдын ысымы ыйгарылсын.
2.Мындан ары Чөкө-Дөбө айылындагы Аттокур Азимканов көчөсүнөн киргенде Рахманов Хайтбайдын үйүнөн Тургунбаев Шерзаттын үйүнө чейинки бош турган көчө эмгек ардагери: Матисаков Жумабай көчөсү деп аталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4.Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов. У. А. |