Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2019-жылдын 21-майы № 15/11
Чөкө-Дөбө айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХV сессиясынын күн тартибиндеги Чөкө-Дөбө айылынын тургундарынын жаңы көчөгө ат коюу боюнча жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Барпы айыл аймагы Чөкө-Дөбө айылындагы Эргашов Расулдун үйүнөн Тургунбаев Шамшидиндин үйүнөн айланып өткөн Халдаров Муратилланин үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Согуштун ардагери: Халдаров Тажидиндин ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Чөкө-Дөбө айылындагы Эргашов Расулдун үйүнөн Тургунбаев Шамшидиндин үйүнөн айланып өткөн Халдаров Муратилланин үйүнө чейинки аралыктагы көчө Согуштун ардагери: Халдаров Тажидин көчөсү деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов. У. А. |