Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2019-жылдын 21-майы № 15/16
Пригород айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХV сессиясынын күн тартибиндеги Прилород айылынын тургундарынын жаңы көчөгө ат коюу боюнча жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Барпы айыл аймагы Пригород айылындагы Атакулов Олаердун үйүнөн баштап Ахмедова Алтынайдын үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө согуштун ардагери: Абдыкадиров Абдырахмандын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Пригород айылындагы Атакулов Олаердун үйүнөн баштап Ахмедова Алтынайдын үйүнө чейинки аралыктагы көчө согуштун ардагери: Адыкадиров Абдырахман көчөсү деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов. У. А. |