Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2019-жылдын 21-майы № 15/19
Пригород айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХV сессиясынын күн тартибиндеги Пригород айылынын тургундарынын жаңы көчөгө ат коюу боюнча жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Барпы айыл аймагы Пригород айылындагы Юлдашева Маргубанын үйүнөн баштап мечитке чейинки аралыктагы көчөгө согуштун ардагери: Таиров Гуламжандын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Пригород айылындагы Юлдашева Маргубанын үйүнөн баштап Мечитке чейинки аралыктагы көчө согуштун ардагери: Таиров Гуламжан көчөсү деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов. У. А. |