Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2019-жылдын 21-майы № 15/20
“Чөкө-Дөбө айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХV сессиясынын күн тартибиндеги Чөкө-Дөбө айылынын тургундарынын жаңы көчөгө ат коюу боюнча жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Барпы айыл аймагы Чөкө-Дөбө айылындагы Куруксай жаңы конушуна бара жаткандагы жаны чек адырга карай кеткен экинчи, үчүнчу көчөгө согуштун жана эмгектин ардагери: Козубаев Төлөнбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Чөкө-Дөбө айылындагы Куруксай конушуна бара жаткандагы жаңы чек адырга карай кеткен экинчи, үчунчу көчө согуштун жана эмгектин ардагери: Козубаев Төлөнбай көчөсү деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов. У. А. |