Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2019-жылдын 21-майы № 15/26
Барпы айыл өкмөтүнун башчысы А. Сыргабаевдин 20.05.2019-жылдагы чыгыш № 01-16/365 сандуу сунушу жөнүндө
Барпы айылдык кенешинин кезектеги ХV сессиясынын күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сыргабаевдин Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы ар бир кожолуктан жана юридикалык субьектилерден ташылып чыгуучу каттуу тиричилик калдыктарын ташып чыгууда тарифте көрсөтүлгөн таштандынын көлөмүн жана төлөмүн бекитип берүүнү сурап жазган сунушун угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы каттуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууда ар бир кожолуктан жана юридикалык субьектилерден ташылып чыгуучу каттуу тиричилик калдыктарын ташып чыгууда тарифте көрсөтүлгөн көлөмдөгү төлөмдөр бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сыргабаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов. У. А. |