Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2019-жылдын 23-майы № 1
Ношкен айылындагы №20 Матмуса орто мектебине 5,8 млн. сомдук футболдук талаа куруу жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 17-майындагы №01-16/ 371 сандуу Ношкен айылындагы № 20 Матмуса орто мектебине курулуп жаткан футболдук талаанын депозити үчүн 290 000 (эки жүз токсон миң) сом акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловдун 2019-жылдын 17-майындагы №01-16/ 371 сандуу сунушу эске алынсын.
2. 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында Ношкен айылына курулуп жаткан футболдук талаанын 290 000 (эки жүз токсон миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
3. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилген акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |