Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2019-жылдын 23-майы № 2
Жаштык айылынын тургуну Нурумбетов Алишердин арызы жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаштык айылынын тургуну Алишер Нурумбетовдун 2019-жылдын 17-майындагы № Н-37 саны менен кириштелген Курама айылында каналдын жээгиндеги айыл чарбасына жараксыз 0,25 га жер аянтын мыйзамдаштырып берүүнү сурап жазган арызын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаштык айылынын тургуну А. Нурумбетовдун 2019-жылдын 17-майындагы № Н-37 саны менен кириштелген арызы эске алынсын.
2. Суралган жер аянтынын мыйзамдуулугун тактоо, мыйзам чегинде чечим кабыл алып, тез аранын ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндөгү маалыматты жеткирүү жагы Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туркутуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |