Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2019-жылдын 23-майы № 3
Ношкен айылындагы “Жаштык” чек ара тозотунун башчысы улук лейтенант Р. Чононовдун кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылында жайгашкан “Жаштык” чек ара тозотунун башчысы улук лейтенант Р. Чононовдун аталган чек ара тозотуна тамак аш жасоочу жай куруу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Жаштык” чек ара тозотунун башчысы улук лейтенант Р. Чононовдун 2019-жылдын 17- майынданы айыл өкмөтүнө кириштелген № Ч-39 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында Ношкен айылындагы “Жаштык” чек ара тозотуна тамак аш жасоочу жай куруу үчүн 10000 (он миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Айыл өкмөттүн
4. ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |