Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы
2019-жылдын 23-майы №4
Кыпчак - Талаа айылынын тургуну Мамытов Турсун Хамытовичтин 580м2 жер аянтын жеке менчике өткөрүп берүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Мамытов Турсун Хамытовичтин ишенимдүү өкүлү У. Кадыровтун 2019-жылдын 19-майындагы № М-43 саны менен кириштелген арызын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Мамытов Турсун Хамытовичтин ишенимдүү өкүлү У. Кадыровтун 2019-жылдын 19-майындагы № М-43 саны менен кириштелген арызы эске алынсын.
2. Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Мамытов Турсун Хамытовичтин 580м2 жер аянтын жеке менчике аукцион аркылуу өткөрүп берүү, боюнча эки жолу Кыргыз Туусу гезитине жарыя чыгарылгандыгы, бирок кызыккан тарап болгон жок экендиги эске алынсын.
3. Суралган жер аянтынын мыйзамдуулугун тактоо, мыйзам чегинде чечим кабыл алып, топтолгон маалыматтар менен таанышып чыгып тез аранын ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндөгү маалыматты жеткирүү Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко жана Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туркутуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туркутуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |